Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Баткен: чек аралаш айылдарда чагымчыл каттар пайда болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” облустагы Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова билдирди. Анын айтымында, кыргыз бийлик өкүлдөрүн каралаган маанидеги каттарды он күн мурда тажик айылдарына жакын жайгашкан көкташтыктардын үйлөрүнө таштап кетишкен. 12-февралдын түнүндө короолордон кайрадан ошондой жазуулар табылды.

Кагаздарда “азыркы кыргыз бийлиги эки өлкө тургундарынын ортосунда атайылап чатак чыгаруу максатында ар кандай чырларды уюштуруп жатканы”,- жазылган. Ага экс-президент Роза Отунбаеванын, өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин, вице-премьер-министр Токон Мамытовдун да тиешеси бар экени айтылат.

Жазуулар кыргыз жана тажик тилдеринде аралаш жазылган. Облустук милиция таратылган каттар боюнча иликтөө жүргүзө баштады.

12-февралда экс-президент Роза Отунбаева Баткен облусунда иш-сапары менен болгон.

Кыргыз-тажик чек арасы 11-январдан бери жабык. Буга эки өлкөнүн чек арачыларынын ок атышуусу себеп болгон. (JsA)

XS
SM
MD
LG