Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:38

Кадыров экинчи Мариусту баккысы келет


Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Даниядагы «Юлландс паркта» өлтүрүлө турган экинчи жирафка баш калка берүүгө даяр экенин жарыя кылды. Бул тууралуу ал Инстаграм социалдык тармагындагы аккаунтунда жазды.

Мариус аттуу жираф жакында Копенгагендин зоопаркында өлтүрүлгөн. Андан көп өтпөй Данияда дагы бир жираф өлтүрүлүшү мүмкүн деген маалымат тарап, ал жирафтын аты дагы Мариус экени аныкталды. Зоологдор жираф уктатуу аркылуу өлтүрүлүшү мүмкүн экендигин ырасташты. Мындай кадамга зоопарк жирафтарды багуу боюнча европалык программанын жана зоопарктын эрежелеринен улам барышканын айтышууда.

Өткөн жумада он миңдеген адамдар Мариусту өлтүрбөөнү талап кылган петицияга кол койду, бирок зоологдор баары бир аны атып, этин зоопарктагы жырткычтарга жем кылган. Мариустун өмүрүн кыюуга анын бир тууган жирафтардан туулгандыгы себеп болгон. (AiK)

XS
SM
MD
LG