Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:49

Баткенде таратылган баракчаларды милиция текшерүүдө


Баткендин Көк-Таш айылындагы короолорго таштап кетилген каттар боюнча милиция иликтөө баштады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Азырынча аны ким жасаганы белгисиз.

Кыргыз бийлик өкүлдөрүн каралаган маанидеги каттарды он күндөй мурда тажик айылдарына жакын жайгашкан көкташтыктардын үйлөрүнө белгисиз бирөөлөр таштап кеткен. 12-февралдын түнүндө да короолордон ошондой жазуулар табылган.

Айыл башчысы Разия Өсөрова “Азаттыкка” билдиргендей, кагаздарда “азыркы кыргыз бийлиги эки өлкө тургундарынын ортосунда атайылап чатак чыгаруу максатында ар кандай чырларды уюштуруп жатканы” тууралуу жазылган. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG