Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Карзай АКШны Кабулдун чечимин урматтоого чакырды


Ооган президенти Хамид Карзай АКШ Кабулдун көз каранды эместигин урматташы керектигин айтты. Ал бейшемби күнкү билдирүүсүндө 65 кишинин түрмөдөн бошотулушу Вашингтондун коопсуздугуна таасир тийгизбестигин билдирди.

АКШнын катуу каршылыгына карабай ооган бийлиги 13-февралда Баграм түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 65 кишини боштондукка чыгарган.
Аларды камактан бошотуу тууралуу буйрукка ооган президенти январда кол койгон.

Аталган түрмө мурда АКШнын көзөмөлүндө болчу. Вашингтон ооган бийликтеринин бул кадамын сындап, эркиндикке чыккан адамдар аймакка жана Ооганстанга коркунуч келтирээри айтылган.

XS
SM
MD
LG