Кыргызстанда тиешелүү талаптарга жооп бербеген айдоочуларды даярдоочу 51 мектеп жабылды.
Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган кызмат алдындагы Транспортту каттоо жана айдоочулук курам боюнча департамент айдоочуларды даярдоочу мектептерди текшерүүдөн өткөргөн. Жыйынтыкта талапка жооп бербеген 51 мектеп жабылып, 551ден ашык эскертүү кагаздары тапшырылган.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда айдоочуларды даярдоочу 229 мектеп иш жүргүзөт.(BkA)