Кыргызстанда бир катар оппозициялык партиялар, саясатчылар жаңы кыймыл түзүштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров кабарлады. Анын айтымында, Бириккен Улуттук оппозициялык кыймыл деп аталган бирикмеге “Улуттар биримдиги”, “Ата-Журт”, “Чындык”, “Акыйкат”, Элдик демократиялык партиясы жана “Эл үнү”, “Каршылык көрсөтүү” кыймылдары кирген.
Кыймылдын төрагалыгына Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков шайланды. Кадыров кошумчалагандай, кыймыл учурдагы бийликтин авторитардык саясатына каршы иш жүргүзмөкчү. Кыймылдын расмий бет ачаары коомчулукта кийинки аптада өтөт.(BkA\KE)