Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Депутат менен дарыгердин чыры иликтенет


Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынан депутат Нурбек Мурашев менен дарыгер Жамалбек Тургумбаевдин чыры иликтенет. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, ушу тапта Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Мурашев, Алтынбек Сулайманов жана акыйкатчы Бакыт Аманбаев Улуттук госпиталга келди.

Алар Мурашевди токмок жегенин айтып чыккан Жамалбек Тургумбаев менен жолугууда. Жолугуу учурунда да депутат менен дарыгердин ортосунда кайым айтышуу орун алды. Нурбек Мурашев Тургумбаевди жалган жалаа жапкан деп күнөөлөп жатат. Дарыгер болсо депутат Мурашев жакын тууганын жакшы карабайсың деп дарыгерди күнөөлөп, ур-токмокко алганын билдирүүдө. Мурашев менен бирге келген депутат Алтынбек Сулайманов жана акыйкатчы Бакыт Аманбаев чырды иликтөөнү сунуштады. (BkA/JAk)

XS
SM
MD
LG