Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Салык кызматы патент баасын көтөрүүгө каршы


Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев "Дордой” базарынын соодагерлери менен жолукканда билдирди. Анын айтымында, Каржы министри бул демилгени артка кайтарып алганы жатат. “Дордой” базарында соода кылгандар Каржы министрлигинин бул демилгесине каршылык билдирип чыккан.

Өткөн жумада кыргыз өкмөтүнүн сайтына ишкерлик кылуу үчүн төлөнчү патент баасын 1,5 эседен 5 эсеге чейин кымбаттатуу тууралуу Каржы министрлигинин сунушу жарыяланган. Анда министрлик мурдагы патент баасы азыркы учурга дал келбей калганын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG