Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Тимофеев Сочиге барды


Бүгүн таңга жуук Сочи олимпиадасына катышуу үчүн Бишкектен Стамбул аркылуу Евгений Тимофеев келди. Аны аэропорттон Улуттук олимпиада комитетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Саламат Эргешов менен машыктыруучусу Игорь Борисов тосуп алды. Учурда ал Роза Хутор тоо лыжа олимпиадалык айылына барып, эс алууда. Эртеңден баштап машыгууларын баштайт.

Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчилиги Трелевскийди жаракат алып калгандыгына байланыштуу Евгений Тимофеев менен алмаштырууну өтүнүп, Эл аралык Олимпиада комитетине кат жолдогон. Керектүү документтерди тапшырган. Кечээ Эл аралык Олимпиада комитети менен Эл аралык лыжа федерациясы бул маселени оңунан чечип, Тимофеевдин катышуусуна уруксат берген.(KMa)

XS
SM
MD
LG