Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:32

Түндүк жана Түштүк Кореянын министрлери кездешти


Түндүк жана Түштүк Корея 1950-53-жылдардагы корей согушунда бөлүнгөн үй-бүлөлөрдү бириктирүү боюнча бийик деңгээлдеги сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүү жума күнү чек арадагы Пханмунжом кыштагында болгонун Түштүк Кореянын биригүү министрлиги тастыктады. Бул эки өлкө арасындагы акыркы 7 жылдагы биринчи бийик деңгээлдеги сүйлөшүү. Согушта бөлүнгөн бүлөлөрдүн көрүшүүсү 20-25-февралда Түндүк Кореянын Кымганг тоосундагы курортто болот деп мерчемделүүдө.

Түндүк Корея 24-февралда башталчу Түштүк Корея-АКШ аскерлеринин жылдык машыгуусун үй-бүлөлөрдүн кездешүүсү аяктаганча коё турууну талап кылып жаткан.

XS
SM
MD
LG