Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Каракечеде көмүр казуу иши убактылуу токтотулду


Жумгалдагы Каракече кенинде көмүр казуу иши убактылуу токтогонуна эки күн болду. Бул тууралуу Жумгал районунун акими Адылгазы Исагулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, көмүр казып жаткан “Каракече” жана “Шарбон” ишканалары кенде тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Мындан улам сыртка көмүр ташылбай турат. Исагулов мындай жагдайдын түзүлүшүн тазалоо иштери жай мезгилинде жүрбөй калгандыгы менен түшүндүрдү.

Айрым майда ишкерлер Бишкекте көмүр кымбаттап жатканын билдиришүүдө. "Азаттыктын" кабарчысынын маалыматына караганда калаадагы базарларда көмүр тартыштыгы байкалбайт. (BkA)

XS
SM
MD
LG