Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Казакстан экономиканы жөлөөгө 5,4 млрд. доллар чегерет


Президент Нурсултан Назарбаев өкмөткө жана Борбордук банкка экономиканы колдоо үчүн Улуттук кордон 1 триллион теңге (5,4 миллиард доллар) бөлүүнү буйруду. Казакстанда кара майды экспорттоодон түшкөн кирешенин бир бөлүгү Улуттук корго топтолот.

Апта башында казак теңгеси 19 процентке девальвацияланган. Назарбаев 14-февралдагы өкмөт жыйынында министрлер кабинетине "баалардын кескин жогорулап кетишине жол берилбесин жана мамлекеттик ишканалардын жумушчуларынын маянасы 10 процентке көбөйтүлсүн" деп да тапшырма берди.

Теңгенин арзандатылышы элде нааразылыкты жаратты. Бейшемби күнү ондогон адамдар Алматыда жүрүшкө чыгып, Улуттук Банктын төрагасы Кайрат Келимбетовдун кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG