Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Бакиевдердин үй-бүлөсү боюнча жаңы иш сотко өткөрүлдү


“Оксус” компаниясынын өкүлү Шон Дейлиге кол салуу боюнча кылмыш иш Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Соттон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган иште чет элдик жаранга кол салууну уюштуруучулар катары мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын уулдары Максим, Марат жана иниси Жаныш Бакиев айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2005-жылы “Оксус” компаниясы Таластагы Жерүй компаниясын иштетүү лизенциясын алган. Бирок ошол учурдагы президенттин уулу Максим Бакиев аталган кенден өзүнө пайда табууга аракет кылып, кенди иштетүү боюнча лизенцияны үчүнчү компанияга алып берүүгө далалат кылган. Муну ишке ашырууга тоскоол болгон “Оксус” компаниясынын өкүлү Шон Дейлинин көзүн тазалоого буйрук берген.

Бакиевдин буйругунун негизинде Дейлиге 2006-жылдын 7-июлунда кол салуу болуп, оор жаракат алган. Мында Максим Бакиевге ошол кездеги УКМКнын төрагасынын орун басары болгон атасынын иниси Жаныш Бакиев жана агасы Марат Бакиев көмөктөшкөн.

Буга байланыштуу Жаныш жана Марат Бакиевге Кылмыш-жаза кодексинин “кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу”, “кылмышка шериктеш болуу”, Курманбек Бакиевге “кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” жана Максим Бакиевге "кылмышка шериктеш болуу” беренелери боюнча иш козголуп, сотко өткөрүлдү. Жакынкы аралыкта сот башталганы жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG