Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Аба ырайы


Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 14 - 17-февралда Бишкек-Ош (121-137-км., 198-265-км.), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км., 145-150-км.), Каракол-Эңилчек (45-90-км.), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-км.), Нарын-Торугарт (284-295-км.), Казарман-Акталчак (68-70-км), Баетов-Ак-Кыя (63-68-км.), Арал-Миң-Куш (5-36-км.) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот.

Аба ырайы:

Синоптиктердин маалыматы боюнча 15-февралда Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, багыты өзгөрүлүп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8..-13, күндүзү -1...-6, Таласта түнкүсүн -10...-15, күндүзү -1...-6 градус суук болот. Баткенде түнкүсүн -4...-9, күндүз 0... 5 , Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -5...-10 градус суук болуп, күндүзү 0..5 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4...-9, күндүзү -4...1 градус болот. Нарын облусунда түнкүсүн -20...-25, күндүзү -11...-16 градус суук болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -8…-10 градус, күндүз -1…-3 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG