Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Шиңжанда “бир нече террорчу” жок кылынды


Кытайдын өкмөттүк булактарынын кабарлашынча, Шиңжан-Уйгур автоном районунда террорчулар мотоциклдерге жана автомобилге минип алып, күзөттө турган полициячыларга кол салып, өздөрүн жардырмак болгон. Чабуулдан көп узабай полиция кол салууга тиешеси бар деп шектелген алты адамды атып өлтүрдү.

Бийликтердин айтымында, чабуулду радикалдуу исламчыл маанайдагы уйгур жикчилери уюштурган. Кийинки жылдары коопсуздук күчтөрү менен уйгур жикчилери ортосундагы тирешүүлөр көбөйүүдө. Шиңжан бийликтеринин сайтынын маалымдашынча, январь айында үч жардыруу болуп, кеминде үч киши курман болгон.

Январда коңшулаш Кыргызстандын чек арачылары өлкөгө Кытайдан мыйзамсыз кирген 11 уйгурду жок кылган. Алар жергиликтүү токойчуну мууздап салышкан болчу.

XS
SM
MD
LG