Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

БУУ Сириядагы кырдаалга тынчсызданууда


Улуттар Уюму сириялык козголоңчулардын колундагы Ябруд шаарынын жанына өкмөттүк аскерлердин топтолуп жатканына кыжаалат.

БУУнун өкүлү 14-февралда Женевадагы маалымат жыйынында армия “чоң чабуул” жасайт деп кооптонгонун айтып, президент Асаддын өкмөтүн өз милдеттенмесине ылайык, жарандардын шаардан чыгып кетишине мүмкүнчүлүк түзүүсү зарыл экенин эскертти.

БУУ Сирия армиясынын курчоосундагы аймактардан чыгарылган эркектердин тагдыры аныкталганча, Хомс шаарынан жарандарды чыгаруу убактылуу токтоду.

БУУнун Дамасктагы мартабалуу өкүлү Матью Оллингворстун 14-февралда билдиргенине караганда, Сирия өкмөтү менен адватчылар арасындагы 6 күндүк элдешүү кезде Хомстон чыгарылган 15 жаштан 55 жашка чейинки эркектердин көпчүлүгүн Сирия бийликтери алиге суракка алууда.

XS
SM
MD
LG