Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Украинада нааразылар абактан чыкты


Украинадагы үч айга жакын убактан бери өтүп жаткан антиөкмөттүк протесттер кезде камакка алынган адамдардын баары мунапыска ылайык бошотулду.

Үч негизги оппозициячыл партияны бириктирген Улуттук каршылык кыймылынын баш кеңсесинин маалымдашынча, 14-январда акыркы 234 адам эркиндикке чыкты. Президент Янукович ноябрда Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол коюудан баш тартып, Орусияга ыктаганда башталган саясий кризисти басуу үчүн январда украин парламенти полиция менен тирешүү учурунда кармалган нааразыларды бошотуу жөнүндө мунапыс чыгарган.

Бүгүн башкы прокурор Виктор Пшонка эгер нааразылар 17-февралга чейин көчөлөрдү жана басып алган өкмөттүк имараттарын бошотсо, кармалган демонстранттарга каршы ачылган кылмыш иштери токтотулат деп билдирди. Оппозиция абактагы тарапкерлерин эч кандай шарты жок бошотууну талап кылып жаткан.

XS
SM
MD
LG