Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясы жол эрежесин бузгандарга жазаны катаалдантууну караган мыйзам долбоорду жактырды. Мындай чечимди фракция депутаттары жума күнү кабыл алды. Мыйзам долбоорго ылайык, адамдын саламаттыгына жеңил жаракат алып келген кырсыкка кабылган айдоочуларды жаза менен катар 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө, ал эми айдоочу мас абалында болсо өмүр унаа айдоо укугунан ажыратуу сунушталууда.
Мыйзам долбоор кийинки апталарды парламенттин жалпы кароосуна чыгарылат.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда жол кырсыгы көбөйүүдө. Жол кырсыктарынын саны 2012-жылга караганда 33 пайызга өстү. Ал эми адам өлүмү 12 пайызга көбөйгөн. (BkA)