Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Парламентте экинчи намазкана ачуу талкуу жаратты


Жогорку Кеңеште экинчи намазкана депутаттардын өтүнүчүнүн негизинде ачылууда.

Бул тууралуу парламент төрагасы Асылбек Жээнбековдун маалымат катчысы Нурканбек Керимбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, былтыр 5-сентябрда парламенттин 26 депутаты, аппарат кызматкерлери жана иш башкармалыгы учурдагы намазкана тардык кылып жаткандыктан, башка чоң бөлмө берүүнү өтүнүп, расмий кат менен кайрылган. Бул кайрылууну төрага Жогорку Кеңештин аппаратына тапшырган. Андан соң парламент имаратынын 3-кабатындагы маалымат борборунун жанынан намазкана үчүн бөлмө берүү каралган. Керимбаев кошумчалагандай, бул имараттын курулушу донорлук каражаттардын негизинде жүргүзүлүүдө.

Буга чейин өлкөдөгү маалымат агенттиктеринин бири Жогорку Кеңеште экинчи намазкана курулуп жатканын жазып чыккан. Парламентте биринчи намазкана 2011-жылы ачылган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG