Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Жалал-Абад: ооган согушунда курман болгондор эскерилди


Шаардын Жеңиш гүл багында Ооган согушу менен Баткен коогалаңында курман болгондор эскерилип, алардын арбагына багышталып куран окулду. Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына 25 жыл толгонуна байланыштуу салтанаттуу жыйын облустук Барпы театрында өтүп, ага шаардагы ооган апаатынын ардагерлери, Ички иштер министрлигине караштуу аскер бөлүктүн жоокерлери, жергиликтүү бийлик жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Анда ооганчыларга өкмөттөн бөлүнгөн 5 миң сомдон жөлөк пул тапшырылды.

Облус аймагынан Ооганстанга кызмат өтөөгө кезегинде 1276 адам жиберилип, алардын 28и ошол жакта курман болгон. Алардын ичинен арстанбаптык Юрий Исламовго Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Шаар мэриясы былтыр Ооганстандан кайтпай калган жалал-абаддык жоокерлерге арнап, эстелик тургузган. (YA)

XS
SM
MD
LG