Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:59

Сочиде австриялык лыжачы алтын алды


Аялдардын бийик тоо шартындагы лыжа тебүүсүндө Австриядан Анна Феннингер биринчи болуп келди. 24 жаштагы Феннингер эки километр 100 метр аралыкты бир мүнөт 25 секундда басып өттү. Бүгүн Сочиде Беларус медалдардын саны боюнча Орусиядан ашып түшкөндүгүн майрамдоодо. Кышкы Олимпиада оюндарында кечээ бул өлкөдөн спортчулар эки алтын, бир коло медал тагынышкан эле. Жалпысынан үч алтын, бир коло менен Беларус Орусияны артта калтырып, жетинчи орунга көтөрүлдү. Медалдардын саны боюнча биринчи орунда Германия, экинчи орунда Швейцария, үчүнчү болуп Канада келатат. АКШ менен Норвегия төртүнчү, Голландия бешинчи. Бүгүн Сочиде бардыгы болуп жети алтын медал үчүн мелдештер өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG