Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Швейцария: Сирия боюнча сүйлөшүү майнапсыз аяктады


Эл аралык арачы Лахдар Брахими төрагалык кылган бул сүйлөшүү бүгүн соңуна чыкты. Кечээ делегаттар чогуу отуруудан баш тартып, арачылар менен өз-өзүнчө сүйлөшкөн эле.

Бүгүнкү пресс-конференцияда Брахими согуш аракеттерин токтотуу жана убактылуу өкмөт түзүү маселесин талкуулоо менен үчүнчү айлампаны баштоо сунушун тараптар четке какканын билдирди.

Женева сүйлөшүүсү туңгуюкка кептелгенден кийин АКШнын президенти Сириянын өкмөтүнө кысымды күч алдырып, өлкөдөгү гуманитардык кырдаалды оңдоо багытында «кадамдарды» карап жаткандыгын айткан.

XS
SM
MD
LG