Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:04

Сочиде норвегиялык Янсруд Супер Жиде алтын алды


Сочидеги Кышкы олимпия оюндарында Кйетил Янсруд эркектердин тоо шартында лыжа тебүү мелдешинде биринчи болуп келди. Ал Роза Хутор деп аталган 2.1 чакырым аралыкты бир минута 18.14 секундда басып өттү. Мунун алдында Янсруд тоодон ылдый лыжа тебүүдө коло алган эле. Жекшембидеги Супер-Жи мелдешинде АКШдан Эндрю Вайбрехт экинчи, мекендеши Боуд Миллер менен канадалык Ян Худец 3-орунду ээлешти. Бул Миллердин алтынчы олимпия медалы. Тарыхта андан көп – сегиз медалды норвегиялык Кйетил Андре Аамандт гана алган.

XS
SM
MD
LG