Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Хоккей: АКШ-Орусия 3 - 2


Кечээ кечинде Сочидеги кышкы олимп оюндарында Хоккей боюнча АКШ курама командасы Орустарды 3-2 эсеби менен жеңип, чейрек финалга чыккан алгачкы команда болду. Орусия болсо өзүнүн тобунда 4 упай менен экинчиде турат.
Экинчи топтогу Словения Словакия менен ойноп 3-1 эсебинде жеңген эле.

Бүгүн кечинде чейрек финалга чыга турган кезектеги команда аныкталышы мүмкүн. Анда Латвия Швеция менен, Швейцария болсо Чехия командасы менен беттешет.

Ал арада президент Обама АКШ хоккей курамасына куттуктоо жолдоду. Анда АКШ хоккей командасы акылга сыйбай турган нерсени жасашты деп айтылат.

Орусия хоккей спортунда дүйнөдө алдыңкы өлкө катары айтылып келет. (SA)

XS
SM
MD
LG