Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Берлин кинофестивалында баш байгени кытай тасмасы алды


«Кара көмүр, жука муз» деп аталган Дяо Йинандын тасмасы Берлин фестивалынын баш байгеси болгон «Алтын аюу» статуясын жеңип алды. Аталган тасмада кызматтан четтетилген полициячыны ойногон кытайлык Ляо Фан «Мыкты актер» наамына ээ болду.

«Эң мыкты актриса» сыйлыгы жапон Йожи Ямаданын «Кичинекей үй» филминде көп сүйлөбөгөн үй кызматкерин аткарган Хару Курокиге тийди.

«Өспүрүмдүк» тасмасы үчүн америкалык Ричард Линклейтер «Мыкты режиссер» деп табылды. 11 күндөн бери Берлин фестивалында 400 чакты тасма көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG