Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат борбору маалымады. Министрликтин Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы башкармалыгынын атайын текшерүүсү учурунда Бишкек шаарында интернет жана компютер оюн клубдарында жашы жете электер үчүн жашыруун кумар оюндары өткөрүлүп келгени аныкталган. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголду.
Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тарта кумар оюндарына тыюу салынган.(SA)
Кыргызстанда 2012-жылдын 1-январынан тарта кумар оюндарына тыюу салынган.(SA)