Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Алматыда дагы демонстранттар кармалды


Казакстанда теңге боюнча акциянын катышуучуларын камакка алуу уланууда.
Полиция бүгүн Алматыдагы уруксатсыз митингге келген дагы бир нече кишини кармап кетти.

"Азаттыктын" Алматыдагы кабарчысы Марат Уатхан деген активист менен катар дагы эки жаш митингчини полиция алып кеткенине күбө болду. Полиция Республика аянтында турган митингчилерден чөнтөк телефондорундагы видео тасмаларын көрсөтүүнү талап кылууда.

Аянтта дагы ондогон киши кала берүүдө. Блогерлер көп демонстранттар тарап кеткенин жазышты. Буга чейин үч аялдын кармалганы кабарланган.

Алматыда кечээ тенгенин кескин арзандатылышына каршы митинг өткөн эле. Ага жүздөгөн киши катышып, 30 чактысын полиция алып кеткен. Кеминде бир киши 10 күнгө соттолуп, он чактысы айыпка жыгылды.

Казакстандын Улуттук банкы 11-февралда тенгени колдоодон баш тартканын чечкенден кийин азыр бир доллар 185 теңге болушу керек деп аныкталды. Буга чейин бир долларга 155 теңге алуу мүмкүн эле.

XS
SM
MD
LG