Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:41

Бүгүн Сочиде жети медаль ойнолот


Жекшемби күнү туманга байланыштуу бир катар оюндар токтотулгандыктан, дүйшөмбү күнү спорттун жети түрү боюнча мелдеш болот. Бул күнү эркек биатлончулардын 15 чакырымдык жарышы, кыз-келиндердин 12.5 чакырымга лыжа менен жарышы, бобслей, сноуборд, боюнча мелдештер, кыз-келиндер арасында хоккей оюндары болот. Азыркы мезгилге карай медалдар жарышында Германия биринчи орунда,андан кийин Голландия, Норвегия, Швейцария, Орусия бешинчи орунда баратат. Кыргызстандык лыжачы Евгений Тимофеев 19-февралда мелдешке түшөрүн кабарчыбыз Кабыл Макеш Сочиден маалымдаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG