Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Ошто сот системасындагы абал талкууланат


Бул тууралуу Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев билдирди. Анын айтымында, 17-февралда Ошто боло турган тегерек стол талкууну Жогорку Кеңештин Соттук-укуктук жана мыйзамдуулук комитети уюштурууда. Анда “Соттордун статусу”, “Сотторду тандоо кеңеши жөнүндөгү” мыйзамдарга өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү маселеси көтөрүлөт. Тегерек столго депутаттар, Жогорку Соттун төрагайымы Феруза Жамашева, эл аралык жана жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышат. (AiT)

XS
SM
MD
LG