Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Украинада кармалгандарга мунапыс 17-февралдан тарта берилет


Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокуратурасы кабарлады. Маалыматка караганда, мунапыс былтыркы жылы 27-декабрдан тартып, быйыл 2-февралга чейин баш-аламандыктарга катышкандарга берилет. Нааразылык акциясына чыккандар жекшемби күнү Киев шаардык администрациясынын имаратын бошотушту. Бирок бийликке каршы акция токтобой улантылат. Украинада калктын нааразылыгы өткөн жылы ноябрда башталган. Ага президент Виктор Януковичтин Европа Биримдиги менен байланышты бекемдөө келишиминен баш тартып, Орусия менен жаңы соода келишимине кол коюшу себеп болгон. Европа Биримдиги Украинада башталган мунапысты колдоого алып, аны кризистен чыгуунун жолу катары баалады. (AiT)

XS
SM
MD
LG