Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Кытайда кыргыз жеңил атлетчилери эки медал алды


Кытайдын Гуанчжоу шаарында жеңил атлетика боюнча өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулар бир күмүш, бир коло медал алды. Бул тууралуу мамлекеттик спорт агенттигинен билдиришти.

15-16-февраль күндөрү өткөн мелдеште 800 метрге чуркоо боюнча Ксения Файсканова экинчи орунду ээлесе, 1500 метр аралыкка чуркоо боюнча Виктория Полюдина үчүнчү орунга татыды. (SE)

XS
SM
MD
LG