Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Ак-Сайда машиналарга таш атуу фактысы иликтенип жатат


Кыргыз-тажик чек арасында унааларды ташбараңга алуу фактылары боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 16-февраль күнү түнкү саат ондор чамасында Ак-Сай айылынын тургуну Тажикстандын Ворух анклавына жакын аймакта машине айдап бараткан учурда коңшу өлкөнүн жарандары унаага таш атып, машиненин айнектерин сындырып таштаган. Андан бир күн мурун Капчыгай чек ара бөлүгүнө жакын жерде кыргызстандык төрт жаран Тажикстандын Ворух айылынын тургуну айдап бараткан унааны ташбараңга алган.

Учурда эки окуя боюнча тең эки өлкөнүн милиция кызматкерлери биргеликте иликтөө жүргүзүп жатат. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG