Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Ошто Сирияда машыккан делген шектүү кишилер кармалды


Ош шаарында Сирияда аскердик даярдыктан өткөн террордук топтун мүчөлөрү деп айыпталган алты адам колго түшүп, сурак берүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Колго түшкөндөрдүн эң чоңу 33, эң кичүүсү 21 жашта.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө алардын айрымдары Сириядагы террордук уюмдардын лагерлеринде даярдыктан өткөнү жана согушка катышканы аныкталды. Кармалгандар Ош жана Бишкек шаарларында террордук актыларды жасоо аракетинде болгону айтылууда.

Колго түшүрүү учурунда шектүүлөрдүн унаасынан тапанча, ок-дарылар жана беткаптар табылган. (SE)

XS
SM
MD
LG