Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Украин оппозициясы мунапыс талабын аткарды


Украинадагы үч айга чукул убактан берки антиөкмөттүк пикеттер учурунда кармалган адамдар бүгүн 17-февралда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Протестчилер мунапыста коюлган бардык шартты аткарганын Ички иштер министрлиги тастыктады, деп билдирди Украинанын башкы прокурору Виктор Пшонка жекшемби күнү түндө. Мунапыстын шартына жараша протестчилер басып алган өкмөттүк имараттарынан чыгып кетип, Киевдин ортосундагы Грушевский көчөсүндөгү баррикадаларын жыйнап кетиши керек болчу.

Оппозиция лидери Олег Тянибок алар жоопкерчиликтен бошоткон документтерге дүйшөмбүдөн кечиктирилбей кол коюлуш керек, болбосо контрчара көрүлөт деп эскерткен:

- Биз эми башкы прокурордун буйругун күтүүдөбүз жана мунапыста көрсөтүлгөн шартты аткардык деп жарыялайт деп күтөбүз. Эгер мындай буйрук болбосо, биз бардык имараттарды жана башкаларды элдин көзөмөлүнө кайра алабыз. Муну бийлик түшүнүш керек.

Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон окуянын өнүгүшүн жактап, ушу жумада Жогорку Радада башталчу саясый диалогго ыңгайлуу шарт түзүү үчүн бийликтерди оппозиция активисттерине, анын ичинде үй камагында отургандарга каршы ачылган кылмыш иштерин жабууга чакырды.

XS
SM
MD
LG