Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

Ошто диний топторго күрөштү күчөтүүнү суранышууда


Ош шаарынын тургундары милициядан диний-эктремисттик топторго каршы күрөштү күчөтүүнү суранып жатканын бүгүн шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Ушул күндөрү башкармалыктын жетекчилиги жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын арыз-муңун угуп жатат. Жарандар арасында диний-экстремисттик топторго каршы күрөштү жандантууну сурангандар басымдуулук кылууда.

Милициянын маалыматына ылайык, калк арасында кооптонуунун күчөшүнө соңку кездери Сириядагы согушка аттангандар тууралуу маалыматтардын көбөйүшү негиз болуп жатат.

Калктуу конуштагы жаштар арасында милиция кызматкерлери тыюу салынган диний топторго каршы үгүт-лекцияларды өткөрө баштады. (SE)

XS
SM
MD
LG