Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Бильярдчы Каныбек Сагынбаевдин иши сотко өтөт


Мас абалында машине айдап, жол коопсуздугу кызматкерине баш ийбегени үчүн бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаевдин иши сотко өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-февраль күнү түн ичинде Сагынбаев жол кайгуул кызматкери токтотконуна карабай, машинени айдап, качып кеткен. ЖКК өкүлдөрү артынан кууп жеткен учурда Сагынбаевдин мас экени аныкталган. Спортчунун жанында бараткан жигит машинеден түшүп, аларды токтоткон инспектор Таштановду сабап койгон. Окуя Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Инспекторго кол көтөргөн 23 жаштагы Улан аттуу жаранга кылмыш иши козголуп, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды. Сагынбаевге соттун чечимине ылайык, жаза каралат. Анын "Тойота Камри" үлгүсүндөгү унаасы машинелерди убактылуу токтотуучу жайга коюлду.

Кылмыш-жаза кодексинин 238-бересине ылайык, мас абалында унаа айдап, жол кайгуул кызматкерине баш ийбеген адам айдоочулук укугунан ажыратылышы керек.

Каныбек Сагынбаев жана жанындагы шериги ЖКК өкүлдөрүнө кармалып, сурак берип жаткан тасма azattyk.kg сайтынын “Көрөгөч” көзөнөгүнө жүктөлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG