Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Карзай Кылмыш кодексин өзгөртүүнү буйруду


Ооганстандын президенти Хамид Карзай сунуш кылынган Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр киргизилсин деп буйруду. Ооган парламенти бекиткен мыйзам долбоорунда аялдардын укуктарын бузду деп шектелген адамдын туугандарын тергөөчүлөрдүн суракка алуусуна тыйуу салынат. Адам укугун коргоочулар жана Батыштын ырасмий адамдары жаңы Кылмыш кодексин аялдардын укугун ого бетер начарлатат, себеби аялдарды үй-бүлөдөгү зомбулуктан жана күчтөп күйөөгө бергенден коргобойт деп сындашкан.

Ооган президентинин өкүлү Аймал Файзи 17-февралда билдиришинче, Кылмыш кодексинин долбооруна Юстиция министрлиги тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизмейинче, Хамид Карзай аны бекитпейт. Файзалдын Associated Press агенттигине айтымында, мыйзам “туугандардын же үй-бүлө мүчөлөрүн бири-бирине же башка үй-бүлө мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө берүүсүнө бөгөт койбош керек”.

XS
SM
MD
LG