Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:30

Вице-премьер Мамытов чек ара качан ачыларын айтты


Бишкекте болгон кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрүнүн чек арадагы жаңжал боюнча сүйлөшүүсүнө байланыштуу “Азаттык” радиосунун тажик кызматына вице-премьер-министр Токон Мамытов 17-февралда интервью берди. Мамытовдун айтымында, сүйлөшүүдө чек ара аймагындагы коомдук-саясый абалдын татаалданышына, анын ичинде чек арада кагылыштардын болушуна жол берилбесин, жагдайды турукташтыруу үчүн тийиштүү чараларды кабыл алуунун зарылдыгын эки жак баса белгилеген. Ошондой эле аскерий жаңжал жана улут аралык чатакташуу болтурбоо үчүн бардык чаралар көрүлөт деп убадалашкан. Эки жак “бири-бирин коркутууга, шантаждоого барбоо, кутумчулукка негиз бербөө; талаштуу жагдай пайда болсо, абалды сүйлөшүү аркылуу жөндөөгө аракет кылуу зарылдыгына” көңүл бурушкан.

Кабарчынын жер алмашуу мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү суроосуна Токон Мамытов мамлекеттик чек араны аныктоо жана мыйзамдаштыруу жараяны жүрүп жатканда андай маселени көтөрүү “саясый жактан натуура” экенин айтты.

“Кыргызстан чек ара бекеттерин качан ачат?” деген суроого чек арада “абал турукташып, жаңжал чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү болбой калганда өткөрмө бекеттер ачылат”, - деди вице-премьер.

15-февралда Бишкекте аяктаган сүйлөшүүдө 30-31-январдагы протоколдун аткарылышы талкууланып, чек араны бирге күзөтүү макулдашылган.

Кыргыз-тажик чек арасы 11-январдагы эки өлкө чек арачыларынын атышуусунан соң жабылган. Анда беш кыргызстандык жоокер, бир милиционер жараат алган. Тажикстандын үч чек арачысы да жарадар болгону кабарлаган. Бул чатактын чыгышына эки өлкө бири-бирин айыптап келет

XS
SM
MD
LG