Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

Кыргыз тигүүчүлөрү Москвадагы жарманкеге катышууда


Кыргызстандык 22 тигүү ишканасы Москвада “Текстильлегпром” деп аталган ири жарманкеге катышууда. Иш-чарага дүйнөнүн 27 өлкөсүнөн 2500 тигүүчү келген. Бул тууралуу Aiva Media компаниясынан билдиришти.

Бүгүн – 18-февралда башталган жарманке 21-февралга чейин уланат. Кыргызстандык тигүүчүлөр Орусияда өтүп жаткан бул иш чарага Эл аралык соода борборунун (ITC) колдоосу менен катышып жатат. 22 ишканадан барган 45 адис негизинен аялдардын жана балдардын кийимдерин сунуштайт.

Москвадагы көргөзмө борборунда 42-жолу уюштурулуп жаткан федералдык дүң жарманке тигүүчүлөрдүн товарларын КМШ мамлекеттерине жана Чыгыш Европага сатууга мүмкүнчүлүк берет. (SE)

XS
SM
MD
LG