Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:25

Токтонасыров парламенттеги жаңы намазканага каршы акцияга чыкты


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Кеңеште курулушу пландалып жаткан намазканага каршылыгын билдирип, наарызылык акциясына чыкты. Ал “Донордук каражаттарды элге жумшагыла!”, “Светтик өлкөдө “свет” өчүп баратабы?”,- деген жазуулар менен ушул тапта парламенттин имаратын айланып жүрөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" активист өзү кабарлады.

Жогорку Кеңештин аппараты 2011-жылы курулган намазкана тар болгондуктан, депутаттардын өтүнүчүнүн негизинде жаңы намазкана салынып жатканын кабарлаган. Курулушка чет элдик донорлордун каражаты жумшалары айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG