Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Молдовановкада түрмөдөгү жаран өз жанын кыйды


Чүйдүн Молдовановка айылында жайгашкан №27 түрмөдө камакта отурган 39 жаштагы жаран өз жанын кыйды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик жаза аткаруу комитетинин өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди. Анын айтымында, сөөктү 18-февралда эртең мененки саат 5тер чамасында табышкан. Маркум кургак учуктун оор түрү менен жабыркаган. Ал кандайча өз жанын кыйганы азырынча айтыла элек. Иликтөө иштери жүрүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG