Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Парламент намазкана боюнча билдирүү таратты


Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламенттеги намазкананын тегерегиндеги каршы пикирлерге жооп иретинде билдирүү таратты. Маалыматта айтылгандай, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү мыйзам чыгаруучу органдарда да сыйынуучу жайлар бар жана алар эч кандай талаш жаратпайт.

Соңку күндөрү коомчулуктагы жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы талкуулардан улам, парламент ондогон мамлекеттердин мисалы менен мыйзам чыгаруучу жайлардагы ибадатканаларды тизмектеп берди.

Маалыматта “светтик мамлекет” деген түшүнүк “атеисттик өлкө” деген маанини бербей турганы да жазылган.

Жогорку Кеңеште 2011-жылы курулган намазкана тар болгондуктан, депутаттардын өтүнүчү менен жаңы намазкана салынаары кабарланган. Ага чет элдик донорлордун каражаты жумшалары айтылган. Бул демилге айрым депутаттар жана жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан сынга кабылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG