Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Литвалыктар жерди чет элдиктерге сатканга каршы


Литвада жерди чет элдиктерге сатууга каршы референдум өтөт.

Литванын Борбордук шайлоо комитетинин 17-февралда билдиришинче, референдумду өткөрүү үчүн зарыл болгон 300 миң адамдын колу топтолгон.

Литва 2004-жылы Европа Биримдигине кошулгандан кийин жерди чет элдиктердин сатып алуусуна уруксат берилет деп убада кылган жана ага ылайык быйыл май айынан тартып жер эркин сатыла баштоосу тийиш эле. Демилгечилер жерди чет элдиктерге сатуу бааны көтөрүп, жергиликтүү эл жер сатып ала албай калат дешет.

Сурамжылоолор литвалыктардын экиден үчү жерди чет элдик жарандарга сатууга каршы экенин көрсөткөн. Референдумду өткөрүүнүн демилгечилери Литванын улутчул союзу менен Литванын дыйкандар жана Жашылдар союзу. Дыйкандар партиясын өлкөдөгү эң ири жер ээси Рамунас Карбаускис жетектейт.

XS
SM
MD
LG