Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Укук коргоочулар телефон тыңшоо демилгесине каршы


Кыргызстандагы укук коргоо кеңеши жарандардын телефондорун тыңшоо, интернет байланыштарын аңдуу тууралуу Транспорт жана байланыш министрлигинин демилгесине каршы билдирүү менен чыгышты. Алар бул демилге жарандардын укугуна жана эркиндигине шек келтирет деп эсептешет.

Билдирүүдө айтылгандай, Транспорт жана байланыш министрлиги демилге көтөрүп жаткан токтом долбоорунда бардык байланыш провайдерлери өз абоненттеринин телефон аркылуу сүйлөшүү, СМС билдирүү, интернет байланыштарын чогултуп, УКМКга берүүгө тийиш. Ошондой эле бул соттун уруксатысыз жүргүзүлөт, тыңшоо-аңдууларга кеткен бардык чыгымдар байланыш провайдерлеринин мойнуна жүктөлөт.

Укук коргоочулар кеңеши Кыргызстанда мындай аракеттер адатта терс максатта колдонулуп, саясий шантаждын куралына айлануусу ыктымалдыгы, муну менен адам укугу жана эркиндиги бузуларын, жаңыдан түптөлүп келе жаткан парламенттик башкаруу системасына коркунуч келтирерин баса белгилешкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG