Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Жалал-Абад: четтен көчүп келген кыргыздарды колдогон форум өтүүдө


Жалал-Абадда чет жерден көчүп келген кыргыздар менен жергиликтүү калктын мамилесин жакшыртууга багытталган форум өтүүдө. Аны Жарандык коомду колдоо борбору USAID уюмунун жардамы менен өткөрүп жатат.

Долбоор 2010-жылдагы июнь окуяларынан кийин облус аймагына Өзбекстандан көчүп келген кыргыздар менен жергиликтүү калктын мамилесин жакшыртууну көздөйт.

Чет өлкөлөрдөн көчүп келген кыргыздар менен учурда алар жайгашкан айылдардагы тургундардын арасындагы ымаланы жакшыртуу максатында Жарандык коомду колдоо борбору 7 пилоттук долбоорду ишке ашыра баштаган. Анын алкагында 65 топко грант берилип, Батыш Ферганадан көчүп келген келгин кыргыздар менен жергиликтүү калк чогуу ишкерлик кылышат. Берилген гранттарга тамак-аш бышыруучу, кийим тигүүчү цехтер ачылган. Мал чарбасы менен алектенгендер да бар.

Жалал-Абад облусунда чет жерден көчүп келген кыргыздардан турган 2072 үй-бүлө бар. Алардын мүчөлөрү 5231 кишини түзөт. Алардын көбүнө Кайрылман күбөлүгү берилген. Бирок азырынча жарандык берилген эмес. (YA)

XS
SM
MD
LG