Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:56

Астероид Жерге өтө жакын өттү


Жерге умтулуп учуп бараткан астероид.
Жерге умтулуп учуп бараткан астероид.
Үч футболдук стадиондой чоң астероид дүйшөмбү кечинде планетабызга жакындаган. Бул тууралуу астрономдор коңгуроо кагышты. Туурасы 270 метр астероид 17-февралда Гринвич убакытысы боюнча саат 20:00да космодүрбүлөргө илинген. Бул тууралуу Канар аралдарындагы Слу жылдызканасы жана кабарлады. Жүздөй телескопко илинген 2000 ЕМ26 аттуу астероид саатына 43452 чакырым ылдамдыкта Жерге умтулуп келе жатканын Слу космостон түз ободо дагы көрсөттү.

Аталган астероид 20-январда табылган. Ал өз орбитасында 816 күндө айланат жана табылгандан бери 189 жолу космодүрбүлөргө илинген. Дүйшөмбү түнкүсүн 2000 ЕМ26 астероиди Жерден өтө жакын болуп эсептелген аралык 3.4 миллион чакырым аралыкта өттү. Былтыр 15-февралда астероид калдыктары Орусиянын Челябинск областына түшкөн. (BAz)

XS
SM
MD
LG