Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Сочи: Түштүк Кореянын спортчулары экинчи алтын медалды утту


Бүгүн Сочи Олимпиадасында алты алтын медалдын жеңүүчүсү аныкталат. Кечээ 17-февралда беларус биатлонисти Даря Домрачева 12, 5 чакырымга жарышта биринчи келип, үчүнчү алтын медалды утту. Домрачева Олимпиадада үч алтын медал уткан жападан жалгыз биатолончу аял.

Беларус Александр Кушнер фристайлда же лыжа менен учууда чемпион болуп, Сочиде экинчи алтын медалды жеңди. Орусиялык Александр Зубков жана Алексей Воеводов бобслей чанада ноодон жарышта жупташып жарышууда алтын медал утушту. Музда коньки менен бийлөөдө америкалык Мерил Дэвис жана Чарли Уайт жеңди. Бул АКШнын командасынын аял жана эркектин музда бийлөөдө биринчи жолу алтын медалды утушу. Музда жуп бийлөөдө Орусия, ага чейин мурдагы СССРдин командасы үстөмдүк кылып келген. Норвегиялык биатлонист Эмиль Хегле Свендсен 15 чакырымга аралаша жапырт жарышта же масс-стартта алтын медалды утту. Түштүк Кореянын аял конькичилери 3000 метрге шот-тректеги эстафетада экинчи алтын медалды жеңишти. Экинчи орунду Канаданын, үчүнчүнү Италиянын спортсмендери ээлешти.

XS
SM
MD
LG