Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Бангкоктогу кагылышта төрт жаран өлдү


Таиланддын байтакты Бангкокто полиция менен антиөкмөтчүл нааразылар арасындагы кагылышта кеминде үч адам жана бир полициячы өлдү. 60тан ашык адам жараат алды. Кагылышуу полиция бүгүн баш калаанын көчөлөрүн протестчилерден күч менен тазалап жатканда болду. Энергетика министрлигинин тегерегин тазалоо учурунда жүз чакты протестчи камакка алынганын полиция кабарлады. Таиланд телеберүүсү өкмөттүн жанындагы кагылышта көздөн жаш агызчу газда пайда болгон туманды жана желим калкандарга жашынып, демонстранттар менен мушташып жаткан полициячыларды көрсөттү.

Премьер-министр Йинглак Чинаваттын бийлигине каршы нааразылык чыгуулар ноябрдан бери уланууда. Көпчүлүк эл Йинглак айымды 2006-жылы аскерий төңкөрүштүн натыйжасында премьер-министрликтен кулатылган агасы Таксин Чинаваттын айтканынан чыкпаган жетеленме деп эсептешет. Бүгүн Таиланддын коррупцияга каршы кызматы күрүч өстүрүүнү субсидиядоогу талаштуу схемага байланыштуу премьер-министр Йинглак Чинаваттыга каршы кылмыш иши козголорун кулак кагыш кылды.

XS
SM
MD
LG