Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Сочиде норвегиялыктар дагы эки алтын медал утту


Сочиде Кышкы Олимпиада оюндары өтүүдө. Бүгүн норвегиялык биатлонист Эмиль Хегле Свендсен 15 чакырымга аралаша жапырт жарышта же масс-стартта алтын медалды утту. Түштүк Кореянын аял конькичилери 3000 метрге шот-тректеги эстафетада экинчи алтын медалды жеңишти. Экинчи орунду Канаданын, үчүнчүнү Италиянын спортсмендери ээлешти.

Норвегиялык Йорген Граабак спорттун кош түрүнөн мелдеште: чоң трамплинден секирүүдө жана 10 чакырымга лыжа жарышта алтын медалды утту.
Жалпы командалык эсепте Германия 8 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медал менен алдыда баратат. Орусияда 5 алтын, 7 күмүш, 5 коло медал, Нидерландия 5 алтын, 5 күмүш, 7 коло медаь жана АКШ 5 алтын, 4 күмүш, 9 коло медал утту.

XS
SM
MD
LG