Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Сочи: орус хоккейчилери атаандашын 4:0 эсебинде утту


Норвегиялык биатлонист Эмиль Хегле Свендсен 15 чакырымга аралаша жапырт жарышта же масс-стартта алтын медалды утту. Түштүк Кореянын аял конькичилери 3000 метрге шот-тректеги эстафетада экинчи алтын медалды жеңишти. Экинчи орунду Канаданын, үчүнчүнү Италиянын спортсмендери ээлешти.
Норвегиялык Йорген Граабак жана Магнус Говдал спорттун кош түрүнөн мелдеште: чоң трамплинден секирүүдө жана 10 чакырымга лыжа жарышта алтын жана күмүш медалды утту. Словениялык Тина Мазе аялдардын гигант-слаломдогу жарышында алтын медалды, австриялык Анна Феннингер күмүш медалды утту.

Хоккей. Орусия- Норвегия 4:0, Словения- Австрия 4: 0.

XS
SM
MD
LG